Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 17.11.2019 09:06

«Кызыл күйсө токтойт»: Ат-Башыда жол эрежесин сактаган акылдуу эшектин кылыгы

Turmush -  Ат-Башы районунда акылдуу эшектин окуясын тартып алышкан.

Окуя театрдын жанындагы жол чыракта болгон. Анда ээси жок унаа жолдо бараткан эшек жол чырактын кызыл белгиси жанганда токтоп, жашыл белгиси жанганда жүрүшүн уланткан.

Тургун Жаныбай Кожогуловдун айтымында, бул эшек гезит саткан Нурбек аттуу тургундун эшеги.

«Бул эшек айылдыктарга жаңылык деле болбой калган. Себеби, эшек дайыма жол чыракта ушинтип токтойт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×