Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 16.11.2019 21:20

Ак-Сууда Кореядан келген дарыгерлер элдин ден соолугун бекер текшерди

Turmush -  Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында Кореядан келген медицина кызматкерлери элди комплекстүү текшерүүдөн өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, тиш дарыгери, гинеколог жана башка дарыгерлер ультра-үндүү изилдөөчү аппараты менен келишкен.

«Айылдыктар акысыз текшериле алышты. Тиш дарылатуу үчүн көп кайрылышты. Ар бир келген адамга жекече мамиле жасалып, кеңештер берилди. Иш-чаранын максаты элдин саламаттыгына кам көрүү болуп сагалат», - дейт Ак-Суу районунун акиминин орун басары Гүлзат Суранчиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×