Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 16.11.2019 18:30

Балыкчыда жол кырсыкта каза болгондор эскерилди

Turmush -  Балыкчы шаарында жол кырсыкта каза болгондорду эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү. Иш-чаралар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулду.

Балыкчы шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери шаардагы мектептерге барып, окуучуларга жол кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле шаардагы айдоочуларга жана айдоочулукту үйрөнүү мектептеринде дагы ушундай маалымат берүү, эскерүү иштерин аткарышты. Иш-чаранын максаты жол кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×