Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ош облусу, Ош 16.11.2019 19:30 На русском

Оштогу айдоочулар кышка даярбы? Видео

Turmush -  Ош шаарында автоунаалардын дөңгөлөктөрүн саткан жерде жазгы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырган айдоочулардын саны көп болууда.

Мындан бир топ жыл мурун айдоочулар анча жаңы эмес, бир нече жолу иштетилген дөңгөлөктөрдү алса, азыр жаңы дөңгөлөк алганга кызыкдар экенин сатуучу Улан Мусаев айтып берди.

«Автоунаа дөңгөлөктөрү жайкы, кышкы деп бөлүнөт. Ошондой эле төрт мезгилге тең жарамдуу түрү да бар. Жайкы дөңгөлөктөр, өзү эле айтып тургандай, жайында колдонууга ылайыкталган. Андай дөңгөлөктөр менен кышында айдаганга болбойт. Ошол себеп кышта кышкы, жазда жазгы дөңгөлөктөрдү салып жүрүү эң туура. Кыш келип калгандыктан кышкы дөңгөлөктөрдү сатып алган кардарлардын саны көбөйдү. Дөңгөлөктөрдүн баасы сапатына жараша болуп, орточо баасы 1000 сомдон 3000 сомго чейин сатылат. Кышкы дөңгөлөктөрдү алууда кээ бир айдоочулар төрт мезгилге жарамдуу делген түрдөгү дөңгөлөктөргө кызыгышат. Себеби кышында жана жайында дөңгөлөк алмаштырып жүргүчө, бул түрүн ылайык көрүшөт. Бирок төрт мезгилге жарамдуулар биздин аба ырайына туура келбейт. Кыш жылуу болгон аймактарга гана жарайт. Тактап айтканда, -10 градустан төмөн аба ырайында тоңуп, катуу болуп калат да, тормоз бергенде дароо токтобой сүрүлүп кетет», - деди сатуучу Улан Мусаев.

Негизи, аба ырайы +7 градус жылуулуктан төмөндөй баштаганда кышкы дөңгөлөктү салууга болот. Ал эми күн жылууда кышкы дөңгөлөк желип кетет деп айткан Нурбек Жолдошбай уулу буларга токтолду.

«Жайкы дөңгөлөктөрдүн резиналары таза, ошондой эле жасалма синтетикалык каучуктан жасалат. Жасалма каучук 90 градус ысыкка чейин чыдайт. Бирок 10 градустан төмөн суукта тоңуп калат. Таза каучук, тескерисинче 60 градус суукта да тоңбойт. Бирок ысыкка туруштук бере албайт. Мындан улам жайкы жана төрт мезгилге жарамдуу делген дөңгөлөктөрдүн курамында таза каучук жок.

Учурда Кыргызстанга дөңгөлөктөр Корея, Япония, Кытай, Россия, Дубай өлкөлөрүнөн келет. Алыс жактан келгенине байланыштуу кымбат сатылып жатат. Ар бир дөңгөлөктөргө 50 сомдон 250 сомго чейин кошуп сатылат. Антпесе, алып келген жол киресин, контейнердин ижара акысын төлөгөнгө жетпейт. Бул эми сезондуу иш да. Ноябрдан декабрга чейин кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырса, жаз келгенде март айынан апрель айына чейин жазгы дөңгөлөктөргө алмаштырат. Андан башка учурда дөңгөлөк сатып алган кардарлардын кадамы сууйт», - деди Нурбек Жолдошбай уулу.

Дөңгөлөк саткан базар ичинде дөңгөлөктөрдү алмаштыруу жайы (вулканизация) жанаша жайгашкан. Анткени, айдоочулар жаңы дөңгөлөк сатып алгандан кийин эски дөңгөлөктөрүн алып салып, жаңысын салууга ыңгайлуу болорун аталган жерде иштеген Акжол Жусупов айтып берди.

«Дөңгөлөк саткан жерге барып турабыз. Айдоочулар келип дөңгөлөк алса, аларды орнотуп берүүгө даяр турабыз. Ал нерсе айдоочуга да, бизге да пайда. Сезондо бир күндө 2-2,5 миң сомго чейин акча тапса болот. Ар бир дөңгөлөктү 100 сомдон салып беребиз», - деди Акжол Жусупов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×