Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 16.11.2019 11:38

Кара-Кечеде 29 жаштагы жигит эки «КамАЗдын» ортосунда кыпчылып каза болду. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  Жумгал районунун Кара-Кече аймагында эки унаанын ортосунда кыпчылып калган 29 жаштагы жигит каза тапты. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 15-ноябрда саат 17:00 чамасында Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жумгал районунун Кара-Кече участкасында жайгашкан «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Жумгал райондук филиалынын коопсуздук кызматкери К.Т. телефон аркылуу көмүр кесиминде кезекте турган эки «КамАЗдын» ортосунда Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын Байзак аттуу тургуну кыпчылып калып, ооруканага алынып кеткендигин билдирген. Бул билдирүү боюнча Жумгал РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда төмөнкүлөр аныкталган: «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Жумгал райондук филиалынын шлагбаумунун ичинде Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын 1965-жылы туулган тургуну Ж.С. өзүнө тиешелүү «КамАЗ» унаасын жана Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын 1986-жылы туулган тургуну А.Р. өзүнө таандык «КамАЗ» унаасын айдап, ээрчишип бара жаткан учурда Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын 1990-жылы туулган тургуну А.у.Б. аларга жол көрсөтөм деп унаалардын ортосунан чуркап бара жатып, эки унаанын ортосунда кыпчылып калган. Аны айдоочулар чаңдан көрбөй калышкан. Кырсыктан кийин жабырлануучуну ооруканага алып жөнөшкөн. Бирок ал ооруканага жетпей каза болуп калган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Маркумдун өздүгү аныкталып, сөөгү Жумгал райондук аймактык ооруканасынын өлүкканасына алынып келген. Туугандары арыз-дооматтары жоктугун айтып, сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Ал эми аталган унаалар Жумгал РИИБдин айып короосуна токтотулду.

Маркум А.у.Б. үй-бүлөлүү болгон. Артында 3 баласы жана жубайы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×