Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 17.11.2019 08:10

Жети-Өгүздө окуучулар жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөнүштү

Turmush -  Жети-Өгүз районунда мектеп окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелери үйрөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук ЖККК бөлүмүнүн башчысы Курстан Токбаев билдирди.

Анын айтымында, жол инспекторлору ар бир айылдагы мектептерде лекцияларды уюштуруп, окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүп, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Мындай иштер өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында жол инспекторлору тарабынан байма-бай жүргүзүлүп турат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×