Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Чүй облусу, Токмок 16.11.2019 23:25

Токмоктогу карылар клубу эмне иш кылат?

Turmush -  Токмок шаарында 2016-жылдан бери карылар клубу иштеп келет. Анда пенсия курагындагы карылар чогулуп, ар кандай иш-чараларга катышып, өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашат.

Карылар клубун Улуттук кызыл ай коомунун Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн Токмок шаарындагы филиалынын кызматкерлери демилгелеп уюштурушкан. Карылар клубу тууралуу аталган коомдун Токмок шаарындагы филиалынын директору Елена Колесникова аймактык кабарчыга айтып берди.

«Бул идея 2016-жылы келип чыкты. Токмок шаарындагы пенсия курагындагы карылар бири-бири менен жолугуп, таанышып, ойлорун ортого салып, ар кандай шык-таланттарын көрсөтүү максатында уюштурулду. Бирок, буга чейин активдүү пенсионерлер клубу бар болчу. Анда аз эле киши мүчө экен. Аларга ушул карылар клубун ачып, чогуу иштетүү сунушубузду айтып, карылардын башын бириктирдик. Ал тургай карылардын баарын жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу жарыя кылып, клубга чакыра баштадык. Аларга атайын бардык керектүү жабдыктары, эмеректери бар бөлмө берилди. Ошентип чогулган карылар клубдун аталышын «Ивушка» деп атап коюшту», - деди ал.

Учурда карылар клубунун 15 кишиден ашуун мүчөсү бар. Алар жумасына эки жолу чогулуп, ар кандай иш-пландарды талкуулашат.

«Алардын эӊ башкы ишмердүүлүгү – алар өз колдору менен кийизден куурчак, сувенирлерди, жаздыктарды, шуруларды жасашат. Ошондой эле ырдап, бий бийлеп, ар кандай иш-чараларга катышып, акцияларды уюштурушат. Балдар жана карылар үйлөрүнө барып, ал-абалдары менен таанышып турушат.

Ошондой эле шаардык деңгээлде өткөн ар кандай иш-чараларга да өздөрүнүн салымын кошуп, катышып келишет. Алардын баары «күмүш ыктыярчылар» болуп саналат. Бир ай мурун «Ивушка» клубунун лидери Л.Кравченко Москвага «Күмүш ыктыярчылар» форумуна чакырылган. Аны менен бирге Бишкектен дагы «күмүш ыктыярчылар» чогуу барып, Кыргызстандын атынан катышышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×