Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 15.11.2019 12:50 На русском

Баткенде журналистмин деп кыздарды алдап, сөйкө, телефондорун алып жүргөн жигит изделип жатат (сүрөт)

Turmush -  Баткен шаарында өзүн телеканалардын биринин журналистимин деп тааныштырып, алдамчылык кылган жигит пайда болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Ал кыздардын ишеничине кирип, алдоо жолу менен «съемка үчүн керек» деп, сөйкөлөрүн жана телефондорун алып жүргөн. Бул жигит Баткен мамлекеттик университетине барып, студенттерге семинар өткөргөнгө да жетишкен.

Ал эми Баткен ШИИБдин маалыматына караганда, 13-ноябрда милицияга Баткен районунун Согмент айылынын 2001-жылы туулган тургуну М.А. арыз менен кайрылган. Ал ошол күнү Баткен шаарынын «Жеңиш» паркында тааныш эмес, 25-30 жаштар чамасындагы жигит келип, ар кандай суроолорду берип, ишеничине кирип, 6900 сомдук уюлдук телефонун алып, окуя болгон жерден кетип калгандыгын билдирген. Аталган адам бештен ашык адамды алдаганы айтылууда. Учурда бул фактылар боюнча кылмыш иш козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×