Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Чүй облусу, Токмок 14.11.2019 16:21

Үч күн изделген Бурул кантип ооруканага түшүп калган?

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында дайынсыз жоголгон Бурул табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын жакындары билдирди.

Алардын айтымына караганда, 3 күндөн бери изделип жаткан Бурул 12-ноябрда Бишкек шаарынан табылган.

WhatsApp Image 2019-11-11 at 18.00.21

«8-ноябрь күнү көчөгө чыгып келейин деп кеткен бойдон дайынсыз болгон. Жанында телефону бар болчу. Ошол күнү саат 21:00дө телефондон «дос кызымдын үйүндөмүн» деп айткан. Кайра чалып, «Бишкекке кетип баратам» деп айткан. Андан кийин эле телефону өчүк болуп калды. Тикмечи болуп Токмок шаарында иштечү.

Бурулду 3 күн издеп жүрүп, 12-ноябрда таптык. Документи жок болгондуктан милиция кызматкерлери аны Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирип коюшуптур. Ден соолугу жакшы, аман-эсен табылды», - дешти туугандары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×