Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ош облусуАраван району 14.11.2019 15:21

Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондору боюнча жетекчилери алмашты

Акылбек Шамаев
Акылбек Шамаев

Turmush -  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Араван жана Ноокат райондору боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси болуп Акылбек Шамаев дайындалды. Бул тууралуу маалыматты аталган башкармалыктыктан тастыкташты.

Акылбек Шамаев буга чейин Мамэкотехинспекциянын Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон, Ноокен, Майлуу-Суу райондору боюнча аймактар аралык башкармалыгын жетектеген. Ал эми Мамэкотехинспекциянын Араван, Ноокат райондору боюнча аймактар аралык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Адилет Мокеев Кара-Суу райондук аймактар аралык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×