Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 14.11.2019 14:00

Мекендештер: 18 жаштагы Асанбай Америкада башкаларга ысымын туура айттыра албай жатат (сүрөт)

Turmush -  Лейлек районунун Кулунду айылында чоңойгон 18 жаштагы Асанбай Ибрагимов Американын Хьюстон шаарында бизнес башкаруу адистиги боюнча билим алып жатат. Аймактык кабарчы мекендештен кабар алды.

Анын айтымында, Америкага барганына 4 ай болду.

«Америкага жаңы келе жатканда жолдо 3 күн жүрдүм. Негизи өзү 1,5 күндө келишим керек эле. Бирок мен чарчап аэропорттон уктап калып, мен отурчу учак учуп кетиптир. Ошентип бир топ убаракерчилик тартып калдым. Бирок менин Америкага минтип жеткенимди үйдөгүлөр билбейт (күлүп).

Сырт жакта окууга кичинемден эле кызыкчумун. Максатым ишке ашып, Хьюстон шаарындагы окуу жайда бизнес башкаруу факультетинде окуп жатам. Биз эл аралык студенттер болгонубузга байланыштуу 1 жыл даярдоо тил курсуна окушубуз керек. Азыр тил курсундамын. Үйдөгүлөр 11-класстын башында мен Америкага тапшырып көрөйүн деп сурасам макул болушкан. Кийин виза алгандан кийин ата-энем, бир туугандарым сүйүнүп элге той беришкен. Бул жакта келишимдик системада билим алам. Окуумдун акысы 6700 доллар. Ата-энем, бир туугандарым финансылык жактан камсыздап турушат.

Биринчи келгенде кыйналып жүрдүм. Айрым сөздөрүн түшүнбөй калып, кайра кайталап сурачумун. Эли өтө сылык келишет. Көчөдөн дагы өтүп кетип жатып тааныбаса дагы күлүп-жайнап салам берип өтүп кеткени жүрөктү жылытат. Келгениме 4 айдай болуп калды. Бирок өзүмдүн атымды Асанбай деп толук айттыра албай кыйналып жатам. Көбү мени Ансабай же Ансанбай же болбосо Асабай деп ар түрдүү кылып чакырышат (күлүп).

Келечекте өзүмдүн жеке бизнесимди ачып мени бул жакта окутуп жаткан ата-энемди, бир туугандарымды ажыга алып барсам дейм», - деди ал.

Асанбай үй-бүлөдө 5 бир туугандын эң кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×