Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 14.11.2019 12:56 На русском

Кара-Сууда 5-класстын окуучусу сабалды. Директор жана өспүрүм 2 башка себебин айтууда. Видео

Turmush -  Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү №28 орто мектепте 5-класстын окуучусу 7-класстын окуучулары тарабынан ур-токмокко алынган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга сабалган баланын апасы Гүлипа Маматова билдирди.

Анын айтымында, баласынын мурду сынып, башынан катуу жаракат алган. Ал ур-токмокко алгандардын арасында мектеп мугалиминин баласы да болгонун билдирди.

«7-октябрь күнү баламды 7-класстын окуучулары сабашыптыр. Ошол күнү балам үйгө келип жатып калды. Мен чарчаган го деп ойлоптурмун. Кечке маал жаткан жеринен дене табы көтөрүлүп баштады. Бети-башы көк ала, мурду шишип кетиптир. Кызым экөөнүн жаш аралыгы 1 жыл болгондуктан, экөөнү бир класска бергем. Ошол кызым балдар сабады деп айтты. Эртеси өзүбүздүн ооруканага алып барсам, мурду сыныптыр, балдар ооруканасына алып барыңыз дешти. Ош облустук балдар ооруканасында баламдын мурдуна операция жасап, эртеси ооруканадан чыгарып салышты. Үйгө келгенде баламдын абалы кайра оорлошуп баштады. “Апа, башымдын аркасы ооруп, мойнумдун бир капталы тартылып жатат, үй кыймылдап жатат” деп кыйналып жатты. Ош облустук балдар ооруканасына нейрохирургга алып барсам, “эч нерсе болбойт, ошентип жакшы болуп калат” деп ооруканага жаткырбай коюшту. Бир дары жазып берди. Ал жөн гана ооруну басаңдатчу дары экен. Балам башым деп кыйнала бергендиктен, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ЛОР бөлүмүнө жаткырып дарылаттым. 11-ноябрда ооруканадан чыкты. Ошол учурда мугалимдери же сабаган балдардын ата-энелери келип кабар алган жок. Милиция да жакшы карабай жаткан, мен өзүм киришип баштаганда иш жанданып баштады. Мектеп директору менин баламды күнөөлөп жатат. Баламды сабагандардын арасында мугалимдин баласы бар», - деди Гүлипа Маматова.

Сабалган 5-класстын окуучусу Байэл Болушов болгон.

«Мени 7-класстын окуучулары сабашты. Үчөө ур-токмокко алган. Бектур Шаршен уулу деген бала балдарды бири-бири менен мушташтыра берет. Муштайпай койсоң, өздөрү сабашат. Ошол күнү мени көптөп сабашты. Бирөө мурдума урду, мурдум канап жерге жатып калдым. Жердин баары кан болуп, пол жууган эже тазалап кеткен», - деди Байэл.

Сабалган бала окуган №28 мектептин директору Кулпунай Сыдыкова мушташкан балдар атайын мушташпаганын, жол талашып урушканын билдирди.

«Мен бул мектепке 2016-жылы директор болуп дайындалгам. Буга чейин ушул эле мектепте 22 жыл орус тилчи болуп иштегем. Гүлипа Аматованын “бул мектепте балдар бири-бири менен мушташат, рекетчилик бар” деген сөзүнө кошулбайм. Биздин мектепте мындай окуя алгачкы ирет катталып жатат. Мурдуна урган бала атайын урбаганын, кокустук экенин айтып жатат. Азыр тергөө иштери жүрүүдө. Мугалимдин баласы да бар деп жатат, ал бала жөн гана бөлүштүрүп койгон», - деди Кулпунай Сыдыкова.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев окуучулар жашы жете элек болгондуктан, алардын ата-энелери жоопко тартыларын билдирди

«Окуя 7-октябрда Учар айылындагы орто мектепте болгон. Жабырлануучу баланын апасы Гүлипа Маматова милицияга 11-октябрь күнү кайрылган. Бул факт Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, текшерүү иштери башталган. Г.Маматова “баламдын ден соолугу начар, беттешүүгө бара албайм” дегенинен иш созулуп кетти. 11-ноябрда эки тарап беттешүүгө келип, жабырлануучу кайсы окуучу кайсы жерине урганын айткан. Сурактан кийин Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси Жазык кодексинин 139-беренесине өзгөртүлүп (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү), сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жабырлануучуга анча оор эмес зыян келтирилген деген бүтүм чыгарылган. Тергөө иштери бүткөндөн кийин ишти сотко өткөрүп беребиз», - деди Жеңиш Аширбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×