Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 17.11.2019 20:30

Айыл турмушу: Шейшенаалы саяпкердин күлүктөрү чет өлкөдөгү байгелерден дагы унааларды утуп келет (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Суулуу-Маймак айылынын 55 жаштагы тургуну Шейшенаалы Дүйшембиев ат жарыштарда катарынан унааларды уткан күлүктөрдү багып, асыл тукумдуу жылкы завод иштетип келе жатат. Аймактык кабарчы саяпкер менен таанышты.

Анын айтымында, жылкы баласына кичинесинен эле жакын.

«Мен 7 бир тууганмын (5 уул, 2 кыз). Эркек балдар баарыбыз жашыбыздан эле жылкыны жакшы көрүп, аларды минип чоңойдук. Улуу акем дагы жылкыны жакшы көргөндүктөн жылкы завод түптөйлү деп демилге көтөргөн. Ал ойду баарыбыз колдоп, жабыла ишке киргенбиз. Быйыл жылкы заводду түптөгөнүбүзгө 25 жыл болду. Ишибиз ийгилигикке жетип, жылкыларды карап келе жатабыз. Күлүктөрүбүз көптөгөн байгелердин алып жатат. 20 жыл мурун бизде ат чабыш көп болчу эмес. Ошол убакта казактар биздин заводдон мыкты деген күлүктөрдү сатып алып кетип жүрүштү. Ал күлүктөр кеминде 20 унаа утушту. Укпай калганыбыз канча. Өзүм дагы акыркы 10 жылдан бери ат чаап жүрөм. Колдо багып жүргөн күлүктөр 8 унаага ээ болушту. 2012-жылы президенттик кубокко Карашумкар аттуу күлүгүм ээ болгон. 2014-жылы президенттик кубокту Чагылган деген күлүгүм утуп алган. Байзак баатырдын 185 жылдыгында Чагылган атыбыз башкы байгеге ээ болгон. Бизде арабызда жашаган түрктөр көп болгондуктан 2012-жылы түрк диаспорасы чоң той берген. Андагы ат чабышта Карашумкар башкы байгени уткан. 2015-жылы Чаткал районунун 80 жылдыгында Барс деген атыбыз башкы байгени алып келди. Аксынын 90 жылдыгында Жахангир деген атым байге уткан. Ушул сыяктуу көптөгөн мелдештерде куру кол кайтпайбыз.

Башка жумуштарымды токтотуп коюп, жылкылар үчүн көп көңүл бөлөм. Жылкыларды өзүм суутам. Атка кызыккан жаш балдарды алып келип, чабандестикке, ат чапкандагы тактикаларды көрсөтүп, кайрылыштан кантип чабыш керектигин баарын үйрөтөм. Арасынан чабандес 2 балабыз ат чабуу боюнча республикалык деңгээлде жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп, чебер аталышкан. Чабандес балдарга ай сайын 5000 сомдон төлөп берем. Экинчи жагынан мыкты саяпкер болууга даярдайм. Мисалы 5 бала келсе анын ичинен идиреги баары калып тарбияланат. Азыркы кезде бир чабандес бала жакшы чыгып жатат.

Жылкылардын аттарын коюу дагы чоң мааниге ээ. Эгер эркек кулун туулса, анын энесинин атынын башкы тамгасы кандай болсо, ошол тамга менен байланышкан ат коебуз. Эгер ургаачы кулун туулса анын атасынын атынын башкы тамгасы менен мүнөзүнө жараша ат коёбуз. Учурда 20га жакын жылкыны таптап жатабыз. Бирок таза кандуу жылкы багыш өтө кыйын. Назик келет жана бир жылкы бир үй-бүлөнүн оокатынан көп жебесе, аз жебейт (күлүп). 1 күндө 1 жылкыга 2 челек жем беребиз. Техникаларымды сатып жем-чөбүнөн калтырбай, заводдун макамынан түшүрбөйүн деген кездер дагы болгон. Негизги максат – байге утуу эмес, алардын асылдуулугун кийинки муундарга жеткирүү жана Кыргызстанга жайылтуу. Аттарыбыз уткан унааларды ошол жерден сатып алам деп чыккандарга сатып жиберип, акчасына жем- чөп алган учурларыбыз дагы бар. Англис, араб тукумундагы таза кандуулар жылкылар бар. Англис жылкылар күлүк болуп, араб жылкылар чыдамдуу келишет эмеспи. Экөөнүн ортосунан чыккан кулундар англо-араб тукуму деп айтылып, алар чыдамкай болот. Бул аттар узакка чарчабай чуркап, байгени утуп алышат. Аттарга жемден башка бал, шекер, жумуртка берем.

Тайларыбыз 10 миң доллардан сатылып турган. Азыркы кезде чет жакка сатпай, элибизде көбөйсө дейм. Ошондуктан өзүбүздүн эл 2000-3000 миң долларга сатып алышат. Бизден сатылып алып кеткен жылкылардын 90 пайызы ат чабышка түшүп, башкы байгелерге ээ болгон. Угуп алып мээнетибиз текке кеткен жок деп сүйүнүп калабыз. Учурда Шарбулак, Карашумкар, Чагылган, Сарыгүл, Саамал, Барс, Казакстандан 1 жуманын ичинде 2 унаа уткан Дулдул деген аттарыбыз табында. «Кимдин үйүндө ат турса, ал үйдө жакшылык болот. Аттын маңдайына жакшылык жазылган. Ошон үчүн маңдайынан сылагыла, сөкпөгүлө, урбагыла» деп айтылган», - деди ал.

Шейшенаалы саяпкер 4 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×