Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Ош облусу, Озгон 13.11.2019 21:00

«Өзгөн-Тазалык» ишканасына трактор жана таштанды таштоочу контейлер берилди

Turmush -  Өзгөн шаарындагы «Тазалык» ишканасына трактор жана таштанды таштоочу контейнерлер тапшырылды. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясы билдирди.

Бүгүн, 13-ноябрь күнү «Өзгөн-Тазалык» ишканасына 890 миң сомдук трактор жана 660 миң сомго таштанды таштоочу 12 контейнер берилди. «Өзгөн-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Бахадыржон Мамадаминовдун айтымында, буга чейин шаардын тазалыгын камсыздоодо техникалар жетишсиз болуп келген.

«Бизде 19 миң 250 абонент бар. Шаардагы көп кабаттуу үйлөр менен келишимдин негизинде иштешебиз. Болгону 8 техникабыз бар. Күн сайын шаарды тазалоого техникалар жетишсиз болуп келген. Мындан улам мэрияга, шаардык кеңешке кайрылганбыз. Таштанды таштоочу 12 контейнер шаардагы ар бир мектепке коюлду», - деди Бахадыржон Мамадаминов.

«Өзгөн-Тазалык» ишканасында 50 кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×