Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Нарын облусуКочкор району 13.11.2019 15:35 На русском

Миллиондорду чапчыган кочкорлук Саламаттын бизнеси. Сүрөт

Turmush -  Саламат Молдоканов Кочкор районунун Семиз-Бел айылында 23 жылдан бери асыл тукум малдарды багып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Саламат Молдоканов: «Чарбаны атам Маматкул Бостонов негиздеген. Анын түптөлүп, учурдагы өнүгүшүнө атамдын салымы чоң. Атамдын көзү өтүп кеткенден кийин бардык жумуштар мага жүктөлүп, «Сал-Эм» фермердик чарбасын жетектеп калдым. Чарбада алгач уяң жүндүү ак кой багылчу. Төл убагында ак койдун козуларына көп көңүл бурулуп, тоют да көп талап кылынат экен. Ал убакта бул койлордун жүнү арзан болчу. Меринос тукумундагы койлорду 2000-жылга чейин бактык. Андан кийин гиссар койлор жөнүндө маалыматтарды чогултуп, кандай өзгөчөлүгү бар экенин байкап, анализдеп көрдүк. Биздин шартка, талапка туура келгендиктен куйруктуу койлорго кызыгуубуз артып, эдилбай тукумундагы койлорду алып келдик. 2017-жылы тажик гиссар койлорунан 200 баш алып келдим. Себеби бат эт алып, асыл тукумдуулугу жакшы экен. Эки жылдан бери аталган тукумдагы койлорду багып жатабыз. Быйылкы төл менен 500 баш кой болду», - деди.

Андан ары сөзүн улап: «Россия, Англияга чейин тукумдары тараган таза кандуу күлүк, жорголорду 2004-жылдан тарта багып баштадык. Биздин күлүктөр, жорголор Кыргызстан, Казакстанга чейин барып, чемпион аталып келишкен. Айрым күлүктөрүбүздүн алды 20га чукул автоунаа уткан. Учурда чемпиондордон тукум алуудабыз.

Асыл тукум жылкылар, күлүктөр бийик абага, тоо-ташка көнгөн эмес. Андыктан буларды алыскы жайлоолорго алып барбайбыз. Кыргыз эмеспизби, жайлоого чыкканда кыргыз жылкыларды алып барып, кымыз ичебиз. Жылкы пири — камбар атадан (асыл тукум кыргыз жылкы) 100 баш бар», - деп кошумчалады.

Фермер асыл тукум уйларды дагы багып келет. Анын чарбасынын болжолдуу кирешеси 2 млн сом.

Бул фермер тууралуу толук маалыматты «Кыргызстандагы ийгиликтүү 120 фермер» журналынан окуй аласыздар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×