Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Нарын облусуКочкор району 13.11.2019 13:32 На русском

Кочкордо жол кырсыктан каза болгон ырчы Жоомарт жерге берилди (видео, сүрөт)

Turmush -  Жол кырсыгына кабылып каза болгон ырчы, алып баруучу Жоомарт Алмазбеков бүгүн, 13-ноябрда өзүнүн кичи мекени Кочкор районуна караштуу Орток айылында жерге берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маркум Жоомарт Алмазбековду акыркы сапарга узатуу зыйнатына анын жакындары, достору, маданият тармагынын өкүлдөрү жана башкалар келишти.

27 жаштагы Жоомарт үй-бүлөдө 4 бир туугандын ичинен жалгыз уул болгон. «Эл ырчысы» аттуу кароо-сынакта 2-орунду алган.

Ал Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алып жаткан эле.

26 жаштагы төкмө акын Акжолтой Канат уулу жана анын жубайы Канатбекова Изаард да бүгүн, 13-ноябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Сай айылында акыркы сапарга узатылды.

Окуя тууралуу

Буга чейин Бишкек—Торугарт унаа жолунун 218-чакырымында жол кырсыгы катталып, 4 адам мерт кеткени маалымдалган. Алардын арасында маркум төкмө акын Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу жана анын келинчеги да болгон. Алар жакында эле баш кошушкан.

Каза болгон жигиттер маданият тармагында иштешчү. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар Тоң районундагы иш-чарага катышып, андан кийин Кочкор районуна тойго бара жатышкан.

Кочкор РИИБдин маалыматына караганда, 10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү саат 00:45 чамасында Кочкор РИИБдин ЖКККБнын кызматкери нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу «Кочкор—Балыкчы автожолунда эки автоунаа сүзүшүп, жол кырсыгына учураптыр» деп билдирген. Окуя болгон жерге бөлүмдүн ыкчам тергөө тобу чыгып, буларды аныкташкан: 10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү саат 00:30 чамасында 1976-жылы туулган И.М. «Норд Бенц» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен Балыкчы шаарына бара жаткан. Ал Бишкек—Торугарт унаа жолунун 218-чакырымына келгенде карама-каршы келе жаткан «Субару Импреза» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен «Субару Импреза» унаасынын айдоочусу А.у.Ж., жүргүнчүлөр — Кочкор районунун Ормон-Хан айылынын 2000-жылы туулган тургуну Ж.у.К., 1993-жылы туулган К.А. жана 25-30 чамасындагы келин окуя болгон жерден каза болгон. Дагы бир жүргүнчү — Ош облусунун Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган тургуну А.Ы. денесинен оор жаракат алып, Кочкор райондук аймактык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Жол кырсыктан мерт кеткен чыгармачыл жигиттердин акыркы видеосу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×