Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 13.11.2019 11:27 На русском

«Мени издебегиле...»: Үйүнө кат жазып кеткен Акжуурат 2 айдан бери дайынсыз

Turmush -  9-класстын окуучусу Акжуурат Өмүрзакова Кара-Кулжа районунун Биринчи-Май айылындагы атасынын бир тууганынын үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу анын агасы (кыздын атасынын иниси) Замир Акулуев билдирди.

Анын айтымында, Акжуурат 2 айдан бери дайынсыз.

«Атасы кичинекей кезинде каза болуп калып, апасы менен Араванга кетишкен. Эми гана биз менен катташып, келип-кетип жүрүшкөн. Ушул жакта окуйм дегенинен мектепке киргизгем, дос деле таба элек болчу. 28-сентябрда “мени издебегиле, мен Ошко кеттим” деп кат жазып, мектепке көтөрчү сумкасын көтөрүп алып үйдөн чыгып кетиптир. Райондук ички иштер бөлүмү издөө жарыялады, Ош шаарында, райондо издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Үйдө уруш деле болгон эмес», - деди Замир Акулуев.

15 жаштагы Акжууратты көргөн-билгендер болсо 0773 71 81 81, 0772 67 92 83 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×