Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 12.11.2019 22:30

Жумгалда окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун кесепеттери талкууланды

Turmush -  Жумгал районунун Жаңы-Арык айылынын Р.Солтонбеков атындагы орто мектебинде орган кызматкерлери тарабынан «Өспүрүмдөр арасында адепсиздик жорук-жосундарга жол бербөө, коомго коркунуч келтирген кылмыштуулуктун алдын алуу» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

Ага Жумгал РИИБдин, коомдук коопсуздук кызматынын жана жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясынын кызматкерлери, Жумгал районунун прокурорунун орун басары Э.Салмакеев жана ата-энелер, окуучулар, мектеп жамааты катышты. Анда окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, көмүскөдөгү терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып, кылмыш кесепеттери менен күрөшүү талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×