Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Ош облусу, Ош 12.11.2019 17:40 На русском

Ошто мүрзөдөн ийне сайылган куурчактар табылдыбы? «Кара дуба» тууралуу казыяттын пикири. Видео

Turmush -  Социалдык тармактарга Сулайман-Тоонун алдындагы мүрзөдөн «кара дуба окулган сүрөттөр, ийне сайылган куурчактар табылды» деген видео тарады. Мындай ырым-жырымдар адам өмүрүнө же ден соолугуна таасир тийгизеби? Аймактык кабарчы бул суроо менен шаар тургундарына кайрылып, облустук жана шаардык казыяттын өкүлдөрү менен маектешти.

Ош облустук казыятынын өкүлү Абдималик Турсунбеков: - Негизи «кара дуба» деген нерсе бар. Андан сырткары «көз тийиптир, назар тушүптүр» деген нерселер да бар. Эгерде адамга көз тийип же каргыш тийсе, ал адам катуу ооруп же өлүп калышы мүмкүн. «Көзү курч, тилинде мөөрү бар» деп дагы коюшат. Хадисте да айтылган. Күлүк аттарга көз тийип өлүп калган учурлар кездешет. Көз тийгенде адам кыйналып, башы ооруп, кускусу келет, кыйналат. Көзү ачыктар, бакшылар окуган кара дуба адамга таасирин тийгизет. Алар аяттарды тескери жакка колдонушат. Анын баарын чоң акчага жасашат. Адамдын тырмагына, чачына, сүрөтүнө, ийне-жиптерге да кара дуба окушат. Аларды мүрзөлөргө, үйүнө алып барып көмүп же катып коюшат. Дубалар таза жүрбөгөн, арам иштерди жасаган адамдарга тескери таасир тийгизет. Адамдын жини тез келип, бирөө менен урушкусу келет. Бирок шариятта мындай нерселерге тыюу салынган. Аны «ширк» (кудайга шерик кошту деген маанини билдирет) деп коёт. Хадисте «пенденин бардык күнөөсүн кечирем, бирок ширк жасаган адамды эки дүйнө кечирбейм» деп айтылган. Ар бир адам дайым аль-курси аятын окуп, «бисмилла» сөзүн айтып жүрсө, ошондой дубалардан алыс болот. Тез-тез дем салдырып туруш керек.

Ош шаардык казыятынын жетекчисинин орун басары Мирланбек Токтомушов: - Сулайман-Тоонун астындагы мүрзөдөн кара дуба жасалган нерселер табылды деген видеону тактай элекпиз. Такталган чакта да мындай ырым-жырымдарга ишенбеш керек. Кудайга ишенип, намаз окуп жүргөн адамга мындай нерселер таасирин тийгизе албайт. Намаз окубаган учурда да сүрөлөрдү окуп, туура жолдо жүрсө, кара дубанын зыяны тийбейт. Кара дуба окутуп, бирөөнү өлтүрүп же оорутуп койсо, анда адамзатты курутуп коюшмак. «Кара дуба кайтарам, жолуңду ачам» деп өзүн молдо катары тааныштыргандар молдо эмес. Алар акча табуу үчүн ошондой кадамдарга барган. Андай адамдарга «Кудайдан корк» деп гана эскерте алабыз. Башка чара колдоно албайбыз», - деди Мирланбек Токтомушов.

Сурамжылоо учурунда ырым-жырымга, кара дубага ишенем дегендердин басымдуу бөлүгүн айымдар түздү.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×