Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Ош облусу, Ош 12.11.2019 15:05 На русском

Видео — Оштогу эң бийик көп кабаттуу үйдүн чөгүп бара жаткандыгы тастыкталды

Turmush -  Ош шаарынын И.Раззаков проспектисинде жайгашкан 16 кабаттуу, 126 батирлүү үйдүн курулушу 2011-жылдын 27-апрелинде башталып, 2013-жылдын 20-декабрында пайдаланууга берилген. Бул тууралуу өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарындагы 16 кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө суу толуп, үйдүн чөгүп бара жатканы жашоочуларды тынчсыздандырып жатканын жазган.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматына караганда, көп кабаттуу үйдүн буюртмачысы — Ош жана Жалал-Абад шаарынын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясы. Имарат «Аль-Манар» ЖЧКсы тарабынан курулган, долбоорун «Стаут Фарм» ЖЧКсы иштеп чыккан,

«18-октябрда интернет булактарынан алынган маалыматтын негизинде башкы инспекторлор О.Курманбеков жана Абдраев жеринде текшерүү жүргүзүшүп, көп кабаттуу үйдүн чөгүп бара жаткандыгы тастыкталган. "Аль-Манар" ЖЧКсынын өкүлү чакырылып үйдүн кире беришиндеги чөгүп кеткен (7,10 см чөгүп кеткен) тепкичтерди жана төшөлгөн таман таштарды (брусчатка, 5,6 см чөккөн) калыбына келтирүү милдеттендирилген. Үйдүн негизги конструкциясынын деформацияланышы жана бузулушу байкалган эмес», - деп айтылат маалыматта.

-------------------------------------------------

Жашоочулардын айтымында, алар бир нече жолу көп кабаттуу үйдү курган ишканага кайрылышкан. Бирок эч кандай майнап чыкпай келет.

«Мындан 2 жыл мурун имараттын айланасындагы таман таштар чөгүп кеткенде имаратты курган компаниянын кызматкерлери оңдоп кеткен. Эми кайра 2 жылга жетпей жер төлөгө суу толуп, айланадагы таман таш, тепкичтер жерге чөгүп, жашоочуларды тынчсыздандырып жатат. Буга ким жооп бере турганын билбейбиз. Башында үй алганыбызга сүйүнүп жүрө бериптирбиз. Үйдүн сапаты начар, шыбактары түшүп жатат», - деди жашоочулардын бири Анара Айталиева.

Наргүл Камчыбекова 4 жылдан бери 16-кабатта жашайт. Ал жаан жааганда үйдүн чатырынан суу кирип жатканын айтты.

«Биз жашап жаткан үйгө канча убакытка кепилдик берилгенин билбейбиз. Үй алганыбызга кубанып кирип алганбыз. Эми жер төлөгө суу толуп, чатырынан суу тамчылап, айланасындагы таман таштар чөгүп, тынчсыздандырып жатат. Биз 16-кабатта жашайбыз. Өзүбүз жылына 2-3 ирет оңдоп-түзөөдөн өткөрүп турабыз. Ошентсе да тамчы өткөнү токтободу. Анын кесепетинен балдарым тез-тез ооруп калат», - деди Н.Камчыбекова.

Ош шаардык мэриясынын жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин жетекчиси Таймураз Исакжанов 2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясы менен иштешкен иш башкаруучуларды таппай жатышканын билдирди.

«2010-жылы Ош шаарында жалпысынан 1392 батир курулган. 2015-жылдын 15-июлундагы өкмөттүн 495-токтому менен Ош шаардык мэриясынын балансына 1186 батир өткөрүлүп берилген. Калган батирлер Ош шаарында иштеген күч органдарынын кызматкерлерине кызматтык үй катары берилген. Курулган имараттын сапатын мамлекеттик дирекция кабыл алган», - деди Таймураз Исакжанов.

16 кабаттан турган үйдөгү жалпы 126 батирде 500дөн ашуун тургун жашайт. Жашоочулар кайда кайрыларын билбей жаткан убагы. Үй 2010-жылы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын башында экс-пермьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев турган убакта курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×