Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Нарын облусуКочкор району 12.11.2019 12:40 На русском

Кочкордо бодо мал уурдоого шектелген куралдуу 5 адам кармалды. Сүрөт

Turmush -  Кочкор районунда мал уурулукка шектелген 5 адам кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, атайын буйруктун негизинде өткөрүлгөн «Касапчы» операциясынын жүрүшүндө Кочкор РИИБ менен криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери мал уурулукка шектелген 5 адамды колго түшүрүштү.

«Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылынын 1979-жылы туулган тургуну Ш.Ж., Кочкор районунун Орток айылынын 1992-жылы туулган тургуну Ж.у.Т., Нарын районунун Дөбөлү айылынын 1975-жылы туулган тургуну А.К., Нарын районунун Дөбөлү айылынын 1971-жылы туулган тургуну К.А., ошондой эле Ысык-Көл облусунун Түп районунун 1989-жылы туулган тургуну А.Т. аттуу жарандар кармалды. Алардан далил зат катары 4 баш уй (8 уй уурдалган) жана 8 жылкы алынган. Жогорудагы адамдар Ш.Ж.га тиешелүү «Мицубиси Галант» жана А.К.га тиешелүү «Мерседес Спринтер» унаалары менен жүрүшкөн. Автоунааларга кароо жүргүзгөн учурда ок атуучу куралдар табылган.

Азыр учурда шектүүлөрдүн ушундай кылмыштарга катыштыгы бардыгы же жоктугу такталууда», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×