Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 12.11.2019 12:47

Жерүйдө кен казуу иштери башталды. Видео

Turmush -  Кечээ, 11-ноябрда Жерүй алтын кенинде кен жардыруу иши жүргүзүлүп, кен казуу жумуштары башталды. Бул тууралуу кенди иштеткен «Альянс Алтын» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алгачкы жардыруу иштерине Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин алдындагы өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитеттин жетекчисинин орун басары, Эл аралык ишкерлик кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков, Россиянын Кыргызстандагы соода боюнча өкүлү Валерий Латыпов, Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев, Президенттик аппараттын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн долбоорлук өнүктүрүү секторунун башчысы Асхат Беков баш болгон чиновниктер жана башкалар катышты. Алар кендеги вахталык айыл менен таанышып, жумушчулардын шарттары, алтынды бөлүп алуучу фабриканын, калдыктарды сактоочу жайдын курулушу менен таанышты.

«Альянс Алтын» ЖЧКнын башкы директору Михаил Шубин жардыруу иштери кен казуунун башталышы экендигин белгилеп, жергиликтүү бийликке колдоосу, тургундардын түшүнүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз алтын алуу процесси жүрүшү үчүн кайра иштетүүнүн башталышында жаңы жылга чейин 50 миң тоннага жакын руда жыйнашыбыз керек. Бул долбоорду ишке ашыруунун маанилүү этаптарынын бири», - деди ал.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов Жерүй Кыргызстандын өнүгүшү үчүн чоң мааниге ээ экендигин айтты.

«Бул жылы бир нече тоо-кен объектилери иштей баштады. Алардын катарында Жерүй кени дагы бар. Биз буга 40 жылдан ашык убакыт кетирдик. Бул долбоордун ишке ашырылышы салык төлөмдөрүнүн, социалдык чөйрөдө маяналардын жогорулашына чоң түрткү берет. Андыктан биз компанияга өз учурунда колдоо көрсөтүшүбүз керек», - деди ал.

Аскар Сыдыков Жерүй Кыргызстандагы инвестициялык ири долбоор экендигин айтып, ал жаңы технологияларды, жаңы адистерди, тоо-кен тармагында жаңы ыкмаларды алып келерин бегиледи. Жерүйдүн артынан жаңы инвестициялар келип, экономиканын башка тармактары да өнүгөт. Инвесторлор алгач тоо-кен тармагындагы Кумтөр, Жерүй кандай иштеп жатканын карашат. Жерүйдүн иштей башташы — бул чет элдик жана жергиликтүү инвесторлор жакшы сигнал.

«Группа Альянс» сыяктуу холдингдин биздин өлкөгө келиши кубандырат. Бул холдинг Россияда, КМШ аймагында белгилүү. Ал Россияда жылдын мыкты компаниясы катары корпоративдик башкаруу жана башка тармактар боюнча көптөгөн премияларды алган. Бизнес коомчулук максималдуу колдоо көрсөткөнгө аракет кылабыз», - деди Сыдыков.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев дагы «Альянс Алтын» компаниясы быйыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында инфраструктураны жакшыртууда, чакан ишканалардын курулушунда, жумуш орун менен камсыздоодо көп салым кошкондугун айтты.

«Бул кендин келечеги кең. Биз бул жактан түшкөн каражаттарды сарамжалдуу пайдаланылып, Талас жергебиздин өнүгүшүнө чоң салым болот деп ойлойм», - деди Мураталиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×