Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Талас облусуКара-Буура району 13.02.2020 18:13

Айыл турмушу: Кара-бууралык Н.Айдаркулов айылда заманбап эмеректерди жасап сатууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын 33 жаштагы тургуну Нурбек Айдаркулов 7 жылдан бери устачылык менен алектенип, заманбап эмеректерди жасап келет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Анын айтымында, устачылыкка бала кезинен эле кызыгат.

«Мага жыгач устачылык эч кимден келген жок. Атайлап деле уста акелерибизден үйрөнгөн жокмун. Кызыгуум менен эле иштеп кеттим. Бул менин кесибим десем болот. Кесибим өзүмө жаккандан кийин берилүү менен иштейм. 7 жылдан бери заманбап эмеректерди жасайм. Алардын баасы ар кандай, көлөмүнө жараша бааланат. Айыл жери болгондуктан көпчүлүк элде чоң акча жок. Бар болсо да майда-бараттарга жумшагысы келбейт. Жасаган буюмдарым айыл элинин чөнтөгүнө жараша 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин жасап сатам. Мисалы, ашкана эмеректери 12 миң сомдон 18 миң сомго чейин бааланса, жумшак дивандар 9 миң сомдон 33 миң сомго чейин бааланат. Мындан кымбаттары болот. Алар чоң жана кооз болуп жасалат. Андайларды буйрутма менен гана жасап беребиз.

Цехте 5 бала иштейт. Жасаган эмеректерге жараша айлык маянабызды бөлүшүп алабыз. Жумуш токтоп калбайт. Жайы-кышы жумуш жүрө берет. Ар кандай кардарлар бар. Жасап койгон эмеректи жактырышпай, башкага жасаганды алам дегендер да жок эмес. «Бизге бул жакпай калды, беркиниси жакты, ошол жакшы көрүнөт экен» деп кызыгып, кармалап туруп калышат. Ал убакта акырын кардардын тилин таап, өзүнүкүн эле алып кетүүгө көндүрөм (күлүп).

Эмерек чыгарган цехте иштесе эле акча көп деп ойлошот окшойт. Акча жөнүндө сүйлөшүп калсак эле «Акчанын баары сенде. Ушундай эмеректерди жасап жатсаң кантип акча жок болсун?» деп калышат. Алар акча оңой менен келбей турганын билишпейт го (күлүп). Керектүү материалдарды атайын Бишкек шаарынан алып келебиз. 10 миң сомго материал сатып алсак, ал 10 эмерекке жетет», - деди уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×