Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Ысык-Көл облусуТоң району 11.11.2019 13:07

Тоңдо алыскы Ак-Сай айылын өнүктүрүү үчүн марафон өттү

Turmush -  Тоң районуна караштуу Болот Мамбетов айыл аймагынын Ак-Сай айылында 10-ноябрда түшүм майрамы белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында «Айылды өнүктүрүү» аттуу марафон уюштурулду. Ага Жогорку Кеңештин депутаты А.Дюшалиев, райондун акими Д.Арпачиев, Б.Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кочкоров, Ак-Сай айылынан чыккан белгилүү инсандар, ырчы, актёрлор, жеке ишкерлер жана айыл тургундары катышты.

Марафондон чогулган каражат айылды өнүктүрүүгө, социалдык маселелерди чечүүгө жумшалмакчы. Марафон концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×