Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 09.11.2019 12:53

Ысык-Көлдө жол кырсыкка себепкер болгон малдын ээси эми айыпка жыгылат

Turmush -  Ысык-Көл районунун аймагында мал-жандыктын катышуусундагы жол кырсыктарга бөгөт коюу максатында рейддер жүргүзүлүп баштады. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, рейдге ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери, айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү катышууда.

Акимдин биринчи орун басары Динара Акматованын айтымында, рейд учурунда жол четинде жүргөн мал-жандыктардын ээлерин аныктап, аларга айып салуу максаты көздөлүүдө.

«Акыркы эки айдын ичинде малдын катышуусундагы жол кырсыктан 2 адамдын өмүрү кыйылды. Мындай учурда мал ээлери жоопкерчиликсиз калууда. Жакынкы күндөрү ар бир айыл өкмөткө малга чип тагуу тапшырмасы да берилип, ал ишке ашуу алдында турат. Чип болсо малдын ээси тез аныкталып, аларга айып салынат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×