Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.11.2019 12:26 На русском

Сүрөт — Ак-Талаада бир катар айыл чарба кызматкерлери сыйланды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 7-ноябрда түшүм майрамы белгиленип, бир катар айыл чарба кызматкерлери сыйланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чаранын алкагында айыл чарба тармагында кызмат кылган дыйкандар, фермерлер, механизаторлорду жана айыл чарба кызматкерлерин райондун акими Сейтек Кулубаев, аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Беккелдиев, райондук айыл чарбасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Улан Казиев, айыл чарба кооперативдин жетекчиси Качкынбек Абышбаев, ардагерлердин атынан Бегалы Бексултанов жана бир катар ардагерлер куттукташты.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору концерттик программа тартуулашты. Андан соң айыл чарбасын өнүктүрүүгө салым кошкондорго сыйлыктар тапшырылды.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн ардак грамотасы менен:

- Догдурбек Разакулов;

- Баетов айылынын механизатору Рысбек уулу Келдибек;

- Куштараалы Сатымкулов;

- Дөөлөтбек Чондоев сыйланды.

Ыраазычылык каты менен:

- Жаныш Карасартов;

- Асылбек Токтоналиев;

- Дөөлөтбек Искендеров сыйланды.

Ак-Талаа райондук администрациясынын ардак грамотасы менен:

- Кутулдубек Абылов;

- Нурбек Абдылдаев;

- Асанбек Анапияев;

- Чыңгыз Баялиев;

- Алмазбек Ибраев;

- Бакытбек Качкынов;

- Кумарбек Карагулов;

- Гүланда Кайыпова;

- Мирлан Кыдырбаев;

- Жоомарт Макеев;

- Мурат Маатмусаев;

- Турдаалы Маатказиев;

- Кылычбек Мейманов;

- Съездбек Мергенбаев;

- Чыңгыз Орозалиев;

- Курманбек Өмүракунов;

- Гүлнара Саадаева сыйланды.

Ыраазычылык каты менен;

- Баялы уулу Өмүрбек;

- Талантбек Жусупов;

- Жаныбек уулу Аманбек;

- Аманкул Жылчымышов;

- Каныбек Шаабаев;

- Дөөлөтбек Тиленбаев;

- Талантбек Осмоналиев;

- Шакулов Мамбетакун;

- Шергазы уулу Улан;

- Сүйунбек Шергазиев;

- Капарбек Шеримбеков сыйланды.

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы» төш белгиси менен Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Съездбек Мыктыбеков, «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын мыктысы» төш белгиси менен Ак-Тал айыл өкмөтүнүн аскердик эсепке алуу столунун инспектору Урматбек Дүйшеев, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ардак грамотасы менен Токтогон Сатыбалдиев, Жээнбек Ташматов жана ыраазычылык каты менен Нарынбек Өмүркулов сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×