Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.11.2019 11:49 Жаңыланды: 09.11.2019 18:01 На русском

Ысык-Көлдө 6 жыл ата-эне мээримин күткөн Матвейдин кыялы орундалды

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 48 жаштагы тургуну Бактыгүл Касмалиева көп балалуу болууну кыялданып келген. Ал балдар үйүндө чоңойгон 8 жаштагы Матвейди өзүнүн камкордугуна алып багууда. Бул үй-бүлөнүн жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, анын эки кыз, үч уулу бар. Ал кичинекей кезинде эле көп балалуу болууну кыялданчу.

«Мен дайыма жолдошума дагы бала багып алалы деп айтчумун. 2014-жылы фостердик үй-бүлөлөр түзүлүп, балдар үйлөрү жоюлат дегенди угуп калдым. Кийин бул боюнча окуудан өтүп, бала багып алуу үчүн маалыматтарды жана документтерди топтодум. Балдар үйүнөн Матвейди көрүп эле жылуу сезим пайда болду. Ал бир жарым айдан бери биздин үй-бүлөдө тарбияланып жатат», - дейт Б.Касмалиева.

Эки жашында атасынан ажырап, Ак-Суу райондук балдар үйүндө тарбияланып келген Матвей жаңы ата-апасы жана бир туугандары менен жашап жатат.

«Матвей биздин үй-бүлөгө көнүп калды. Кыргыз тилинде сүйлөгөндүктөн ага-эжелери менен тез эле тил табышып кетти. 2-класста окуйт, өзү зирек бала, сабакты чогуу окуйбуз. Устачылыкка шыгы бар экен. Мага жыгачтан отургуч дагы жасап берди. Матвей дагы биздин үй-бүлөгө келип, кыялы орундалганын айтып жатат», - дейт ал.

Б.Касмалиева дагы бала багып алууну максат кылып жатканын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×