Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.11.2019 11:12

Ак-Талаада ат оюндардын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 7-ноябрда түшүм майрамы белгиленип, анын алкагында өткөрүлгөн ат оюндарынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Баетов айылындагы «Бермет-Жал» ат майданында көк бөрү, жорго салыш, тай чабыш, кунан жарыш, аламан, эр эңиш жана кыргыз күрөшү боюнча мелдештер уюштурулган.

Мелдеште төмөндөгүлөр жеңүүчү аталды:

Көк бөрү боюнча:

- 1-орунду Тоголок Молдо айылынын командасы;

- 2-орунду Кызыл-Белес айылынын командасы;

- 3-орунду Жерге-Тал айылынын командасы алды.

Кыргыз күрөшү боюнча 70 килограмм салмакка чейинкилер арасында:

- 1-орунду Бекжан Шаршеналиев;

- 2-орунду Сталбек уулу Тейитбек;

- 3-орунду Курманбек уулу Жоломан алды.

70 килограмм салмактан жогоркулар арасында:

- 1-орунду Иманбек Капарбеков;

- 2-орунду Молдосун уулу Нурболот;

- 3-орунду Элисбек уулу Эрнис алды.

Эр эңиш боюнча 80 килограмм салмакка чейинкилер арасында:

- 1-орунду Эсенгул уулу Рахат;

- 2-орунду Бактыбек уулу Жаныбек;

- 3-орунду Жумабек уулу Темирлан алды.

80 килограмм салмактан жогоркулар арасында:

- 1-орунду Догдурбек уулу Каныбек;

- 2-орунду Жамгырчы уулу Тобокел;

- 3-орунду Райымбек уулу Болот алды.

Кунан чабыш боюнча:

- 1-орунду Бактыбек Нурдиновдун кунаны;

- 2-орунду Уку Кадыровдун кунаны;

- 3-орун Сүйөркул уулу Бусурманкулдун кунаны алды.

Жорго салыш боюнча:

- 1-орунду Качкынбек Абышбаевдин жоргосу;

- 2-орунду Токо Шамшиевдин жоргосу;

- 3-орунду Качкынбек Абышбаевдин жоргосу алды.

Тай чабыш боюнча:

- 1-орунду Тойчубек Жунусакуновдун тайы;

- 2-орунду Кубан Оморовдун тайы;

- 3-орунду Макейил Бузурмановдун тайы алды.

Аламан жарышта:

- 1-орунду Таалайбек уулу Даниярдын күлүгү;

- 2-орунду Курманбек Сарыгуловдун күлүгү;

- 3-орунду Анарбек Турдалиевдин күлүгү алды.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылып, маданият үйүнүн өнөрпоздору концерт тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×