Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 08.11.2019 17:00 На русском

Ноокат шаарында сел алып кеткен көпүрө кайра курулуп, жаңы ФАП ачылды. Сүрөт

Turmush -  2-ноябрда Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталында сел алып кеткен көпүрө толугу менен оңдолуп, кайра пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, көпүрөдөн тышкары кварталда ФАП курулду. Көпүрөнүн ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев, Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нурдинов, Ноокат РИИБдин башчысы Аким Жунусов, Ноокат шаардык кеңешинин депутаттары, жергиликтүү тургундар катышкан. Анын курулушуна жалпы 6 млн сом жумшалып, 3 млн сомун шаардык мэрия, 3 млн сому жергиликтүү тургундар тарабынан каржыланды.

Кара-Турпак кварталынын Жами көчөсүндө жайгашкан көпүрө 1977-жылы ашар жолу менен курулган. 2018-жылы күз айларында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, эскилиги жеткен көпүрөнү агызып кеткен. Мэрия ошол эле жылдын 20-ноябрында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Транспорт жана жолдор министрлигине аталган меселе боюнча кат жолдоп, депутат Төрөбай Зулпукаровго да кайрылган.

«Төрөбай Зулпукаров ушул ишти өзү демилгелеп, чечип берүү жолдорун караштырды. Жыйынтыгында башка жакка жумшалчу акчаны көпүрөгө жумшадык. Анткени көпүрөнүн курулушу абдан маанилүү болчу», - деди мэр.

Буга чейин Транспорт жана жолдор министрлигинен көпүрө алардын балансында эместигин айтышып, «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзамдын 7-беренесине (Муниципалдык жолдор) ылайык аталган көпүрөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз каражатына калыбына келтириши керектигин билдиришкен. Көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн шаардык мэриянын бюджетинде каражат жетишсиз болгондуктан курулуш иштери көп убакка чейин башталган эмес. Жергиликтүү бийлик ага кетчү каражатка шаардын Бостон кварталында мектеп курууну көздөгөн. Ал жердеги окуучулар Ош—Исфана унаа жолу аркылуу 5 чакырым алыс жайгашкан Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү мектепке каттап окушат. Ошондуктан унаа жолдон өтүүдө окуучулардын өмүрүнө коркунуч жаралган. Кыш мезгилинде башталгыч класстын окуучулары алыс жайгашкан мектепке баруудан кыйналып келишет.

«Төрөбай Зулпукаров иш сапары менен Ноокат шаарына келгенде биздин көйгөйдү чечип берди. Мектепке делген каражатка көпүрө курула турган болду. Ал эми Бостон кварталындагы 100 орундуу мектептин жана ошол эле кварталдагы ФАПтын курулушуна кетчү каражатты депутат өз мойнуна алды. Учурда Төрөбай Зулпукаров сырттан инвестор таап, чет өлкөлүк кайрымдуулук фонд менен бирге мектептин жана ФАПтын долбоорлору даярдалды. Жумуштар 10 күндүн ичинде башталат. Көпүрөнүн курулушу дагы башталганы жатат. Төрөбай Зулпукаров буга чейин демөөрчүлөрдү таап, шаардын Кара-Турпак кварталына 9 млн сомго үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун курдуруп берген. Учурда анын курулуш иштери аяктап калды», - деген болчу Нурдинов.

Кара-Турпак кварталына көпүрөдөн сырткары 6 млн сомго ФАП да курулган. Корогон акчанын 80%ы «Ассамаби» фондунан каржыланды. Анын ачылыш аземи 3-ноябрь күнү өттү.

«ФАПтын курулушуна инвесторлорду Төрөбай Зулпукаров тапты. Ал араб инвесторлору менен сүйлөшүп, ФАПтын пайдаланууга берилишине зор салымын кошту. Эми эски ФАПтын имаратын бала бакча кылсакпы деген ойдо турабыз», - деди мэр.

Төрөбай Зулпукаров мурда эл менен жолугуп, мектеп менен ФАПты курууга инвестор табылганын айткан болчу.

«Ноокат шаарына иш сапарым менен барганда тургундар көпүрөнү оңдоп берүүнү суранышты. Элдин талабын инвесторлордун жардамы менен чечип жатабыз. Элет оңолмоюн, өлкө оңолбойт. Мамлекеттин гүлдөп, өнүгүшү үчүн айыл тургундарынын жашоосун жакшыртышыбыз зарыл. Мектептин курулушуна бөлүнгөн каражатка көпүрө курууну сунуштадым. Ал эми мектеп менен ФАПты курууга инвестор табылды», - деген Зулпукаров.

Учурда Ноокат шаары түнкү чырактар менен 70% камсыз болду. Кышка даярдыктар өз убагында жүрүп, бала бакча, мектептердин от казандарына жылуулук берилди. Шаардагы мектептердин баары видеокөзөмөл менен жабдылган. Инвесторлор Кара-Турпак кварталында 100 орундуу мектеп куруп баштаган. Азыркы күндө курулуш кызуу жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×