Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 08.11.2019 16:43

Жеңеке: Ашпозчу Айсулуу соляркага куурдак кууруганын унутпайт

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Чолпон-Ата шаарынын 26 жаштагы тургуну Айсулуу Нурланова. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча ашпозчу.

«Өзүм Токмок шаарынан болом. Жолдошум Бектур Касымбеков 1988-жылы Чолпон-Атада төрөлгөн. Мен Ысык-Көлгө эс алууга келгенде таанышканбыз. Жарым жыл сүйлөшүп, мен 18 жашка чыккандан кийин баш коштук.

Жаңы келин болуп келгенде той өткөрдүк. Бир күнү кайын энем от жагып, казанга куурдак жаса деп калды. Мен өмүрүмдө казанга тамак жасап көргөн эмесмин. От жакканды дагы билчү эмесмин. Очокко от жагып, тамак бышыруу үчүн казанды астым. Жанында бөтөлкөдө өсүмдүк майы бар экен. Аны куюп, ысый электе эле этти салдым. Көрсө ал май эмес, солярка экен. Солярканы майдын идишине куюп, от жакканда колдонуу үчүн коюп коюшуптур. Ушул окуя эч эсимден кетпейт», - дейт Айсулуу Нурланова.

Ошондой эле ашпозчулук кесип боюнча билим алганын айтты.

«Түрдүү тамак жасаганды жакшы көрөм. Өзүм 3-класста окуп жүргөндө эле ата-энеме тамак жасап берчүмүн. Учурда конок тоскондо апам экөөбүз жасайбыз. Көбүнчө Европа, Индия, Кытай ашканасындагы тамактарды жасайм. Интернет булактарынан жаңы рецепттерди үйрөнөм. Кийин ашпозчулук кесибим боюнча иштеп, ресторан ачууну кыялданам», - деди бир уул, эки кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×