Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 08.11.2019 16:17 Жаңыланды: 08.11.2019 19:08

Нарында ителги уурдап бара жаткан адам колго түшүп, бирок жеткирбей качып кетти. Видео

Turmush -  Бүгүн, 8-ноябрда Кочкор районундагы Комсомол айылынан ителги уурдап бара жаткан адам колго түшүп, бирок качып кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасына Кочкор райондук мамэкотехинспекциянын кызматкери Рысбек Суранчиев билдирди.

Анын айтымында, түзүмдүн кызматкерлери бүгүн саат 10:50 чамасында мыйзамсыз түрдө ителги ташып бара жаткан унааны токтотушкан. Унаанын айдоочусу тийиштүү документтери бар экенин айтып, бирок ал жерден көрсөтпөстөн качып кеткен. Экотехинспекциянын кызматкерлери кубалап жетпей калышкан. Азыркы учурда аны издөө иштери жүрүп жатат.

Ителги Кыргызстанда Кызыл китепке киргизилген. Уруксат кагазы жок ителги кармаган адамдарга токтомдун негизинде 80 миң сом айып салынат. Ошондой эле административдик айып каралган. Уруксатсыз, документи жок мергенчилик кылып жүргөндөр 12 миң 500 сом айыпка жыгылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×