Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Талас облусу, Талас 08.11.2019 18:45

Өзгөчө ысым: Таластык Г.Кудайбергенованын ысымы көпчүлүктү таң калтырат (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 40 жаштагы тургуну Гандира Кудайбергенованын ысымын атасы Индиянын премьер-министри болгон Индира Гандинин урматына койгон. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда чачтарач болуп иштейт.

«1979-жылы Индиянын премьер-министри Индира Ганди СССРге келет. Ошол кезде бүт баары кыздарынын атын Индира деп коюп жатканда, атам меникин өзгөчө болсун деп фамилиясынан Гандира деп койгон экен. Менин атыма көпчүлүк таң калып, кайра сураган учурлар көп болот. Жумушумда бирөө Габана деп келсе, дагы бирөөсү Гагана деп айтып алышат (күлүп). Көпчүлүгүнүн тили келбейт. Кайын журтум Ганди деп чакырышат.

Өзүм 2009-жылы Бишкектен чачтарачтын окуусун окуп келип, ошондон бери ушул иш менен алектенип келем. Ага чейин үйдө бала менен отурчумун. Башынан чач жасалгалоо иштерине кызыкчумун, шыгым дагы бар болчу. Кошуналарымдын чачын жасап берчүмүн. Бирок жолдошум башында каршы болчу. Кошуналар жолдошумду көндүрүп, мен чачтарачтын окуусун бүтүп, иштеп калдым (күлүп).

Жаңы окууну бүткөндө алгач Бишкекте иштегем. Кайсы жерге барбайын баары окууну жаңы эле бүткөнсүң деп жумушка алышпайт. Өзүбүз тааныштардан сурасак, баары «2-3 жыл стажыбыз бар деп алдап киргенбиз» деп айтышты. Биз дагы курбум экөөбүз салонго «3 жыл стажыбыз бар» деп алдап киргенбиз. Меникин башында билген жок, бирок курбумдукун башында билип коюшкан болчу (күлүп). 3 күн иштеп, менин чач жасалгаларым кардарларга, жумуштагыларга жаккандан кийин мен чындыкты айткам (күлүп). Бирок ошол жерде эле иштеп калгам», - деди ал.

Гандира айым 2 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×