Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 08.11.2019 14:44

Ысык-Көлдө браконьер кармалып, 6 чакырым тор алынды

Turmush -  Ысык-Көлдө браконьер кармалып, 6 чакырым тор алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ысык-Көл мамлекеттик коругунун улук егери Жумак Югазиев маалымдады.

Анын айтымында, балыктардын урук чачуу убагы октябрь-ноябрь айларына туура келгендиктен Ысык-Көл облусунун аймагында рейддер жүргүзүлүп жатат.

«Рейддин жүрүшүндө 6 чакырым тор жыйналып, бир браконьер моторлуу кайыгы менен кармалды. Жеринде протокол түзүлүп, табылган тор өрттөлдү. Мындай рейддер дагы улантылат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×