Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 08.11.2019 14:17 На русском

Балбандардын кыл чайнашкан беттеши: Айыл өкмөт башчы 1-орунду жеңип алды

Turmush -  Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылында 5-6-7-ноябрь күндөрү эр эңиш боюнча республикалык чемпионат өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага райондун акими Канжар Эшалиев, Эр эңиш федерациясынын өкүлдөрү катышты.

Эр эңиш федерациясынын жооптуу катчысы Орозали Тойгонбаевдин айтымында, чемпионат алыскы райондо биринчи жолу өтүп, анда 50дөн ашык балбан күч сынашты.

«Балбандарды кубаттап, сүрөп турган көрүүчүлөр дагы арбын болду. Мен тоолуу райондордо күчтүү, республиканын намысын коргой ала турган балбандар арбын экенин байкадым. Чемпионатка аким К.Эшалиевдин жана Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошовдун салымы чоң», - деди ал.

Аким Канжар Эшалиевдин айтымында, Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Каныш-Кыя айыл аймагынын жетекчилиги бул чемпионатты өткөрүүнү демилгелеп, аны федерация колдоого алган.

«Айыл өкмөт тарабынан байге фонду үчүн 250 миң сом бөлүнүп берилди. Жеңүүчү болгон балбандар акчалай сыйлыктарга ээ болушту», - дейт аким.

Жыйынтыгында 60 кг салмактык категория боюнча күч сынашкан балбандардын арасынан Нарын облусунан келген Айдарбек уулу Балбай 1-орунду, жалал-абаддык Молдоызак уулу Бектур 2-орунду, Чаткалдын тургуну Жусупбек уулу Кутман 3-орунду ээледи.

70 кг салмактык категория боюнча 1-орунду чаткалдык Ильгиз Баймырзаев ээлесе, Нарын облусунан келген балбандар Нурмухамед уулу Сыдыкалы 2-орунду, Османалы уулу Марлен 3-орунду ээледи.

80 кг салмактык категория боюнча Чүйдөн келген балбандар жеңүүчү болушту. 1-орунду Руслан Молдокулов, 2-орунду Бузурманкул уулу Калыбек, 3-орунду Алмаз Ибрагимов ээледи. 90 кг салмактык категория боюнча 1-орунду Темирбек Ибрагимов, 2-орунду Сапарбек Юсупов, 3-орунду Чынарбек Турматов ээледи.

90 килограммдан жогорку салмактагы балбандар арасындагы мелдеште Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Нургазы Жолдошов дагы ат үстүндө өз күчүн сынады. Жыйынтыгында бийлик өкүлү 1-орунду багындырды. 2-орунду Бакир Кадырбеков, 3-орунду Нурдөөлөт Кадырбеков ээледи. 1-орунду ээлеген балбандарга Эң эңиш федерациясынан «Спорттун чебери» наамдары ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×