Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.11.2019 13:27

Ысык-Көлгө жайында 1 млн 270 миңге жакын эс алуучу келди

Ысык-Көл
Ысык-Көл

Turmush -  Ысык-Көл облусуна быйылкы жайкы мезгилде 1 млн 270 миңге жакын эс алуучу келди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, эс алуучулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөн.

«Ушул жылдын 9 айынын ичинде 1 млн 267 миң 98 эс алуучу келген. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 342 миң адамга көп. Чет өлкөлөрдөн 212 миң 186 турист келген. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 110 миң туристке көп», - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×