Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 08.11.2019 11:54 Жаңыланды: 08.11.2019 17:49

Жеңеке: Кайын атасын бир күн ачка калтырган Динара жеңенин кызыктары

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Аксы районунун Ак-Суу айылынын 54 жаштагы тургуну Динара Иманкулова. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Айыл чарба институтунун экономикалык факультетин бүтүргөн.

«Жолдошум экөөбүз бир айылдан болобуз. Ал менден бир жаш улуу, экөөбүз бир мектепте окудук. Кийин бир институтта билим алдык. Бир айылдан болгондон кийин ага-карындаш катары сүйлөшчүбүз. Биздин убакта жигиттер кыздарды өтө сыйлап, жакшы көрүшсө дагы сезимин ачык айтуудан тартынышчу.

Жолдошум Кумарбек Эрназаров 1964-жылы туулган. Айыл чарба институтунун ветеринария факультетин бүтүргөндөн кийин 1994-жылы Москва шаарындагы Скрябин атындагы ветеринардык академиясында билим алган. Азыр «Ала-Арча» малекеттик жаратылыш паркында менеджер болуп эмгектенет.

Биз 1986-жылы баш коштук. Мен анда 21 жашта болчумун. 1987-жылы окууну бүтүп келгенде кайын атам комсомол кечесин уюштуруп, үлпөт той өткөрдү. Быйыл 14-ноябрда үйлөнгөнүбүзгө 33 жыл болот», - дейт ал.

Ошондой эле келиндик доордогу кызыктуу окуяларын эскерди.

«Бир күнү кайын энем айылчылап кетип, кайын инилерим менен кайын сиңдилерим мектепте болчу. Жолдошум жумушта эле. Үйдө кайын атам экөөбүз эле калдык. Кайын атам токтоо киши. Кайын энем келгиче кечке чейин үйгө кирбей, эшикте жүрө бериптир. Мен дагы үй жумуштарын жасап жүрө берген экенмин. Кайын атамдын ашказаны ооругандыктан тез-тез чай, тамак ичип турчу. Ал менден уялып, үйгө кирбей, мен болсо тамакка чакырбай жүрө бериптирбиз. Кечинде баарыбыз чогулганда кайын энем мага: "атаң бүгүн орозо кармаптыр" деди. Мен маанисин түшүнбөй эле, "ата, ашказаныңыз ооруса, анан орозо кармабай эле койбойсузбу" десем, отургандар каткырып күлүп калышты. Анда жолдошум: "бул какшыкты түшүнбөйт да, атама бүгүн чай бербептирсиң" десе абдан уялгам», - дейт ал.

Динара Иманкулова неберелүү болушканын кошумчалады.

«Эки кызым турмушка чыккан. Жакында эле уулум үйлөндү. Кыздарымдын кичүүсү Красноярскта окуп жатат. Кенже уулумду 40 жашымда төрөгөм. Ал 8-класс болду. Биздин убакта 40 жашында төрөгөн аялдарды "чоң эне төрөдү" деп таң калышчу. Ошондо жолдошум дагы "төрөт үйүнө баргандан уялдым" деп айткан эле», - деди ал.

Бош убакта неберелери менен жаратылыштын койнунда эс алууну жактырат.

«Балдарым бутуна туруп алышса, жолдошум экөөбүз саякаттасак, небере жана чөбөрөлөрдүн чайын ичип, бактылуу карылык өткөрсөк деп тилек кылабыз», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×