Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 07.11.2019 11:34 Жаңыланды: 07.11.2019 11:54 На русском

«Улан-кыздар 15 жашында никеге турушчу»: Памирлик Афганбектин Нарындагы жашоосу

Turmush -  2 жыл мурун Кыргызстанга билим алуу максатында келген 15 жаштагы Забе алла Афганбек келечекте президент болууну эңсейт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, анын ата-энеси, бир туугандары Улуу Памирде. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын төртүнчүсү. Үч жыл мурун Кыргызстанга бөлөлөрү менен окуу максатында келген. Жакын арада Забе алла Афганбек Нарын калаасына ата-энеси, туугандары жана башка 7-8 үй-бүлө келебиз деп жатышканын айтып берди. Учурда ал Нарын шаарындагы Үсөн Асанов атындагы Нарын облустук лицей жатак-мектебинде 5-класста окуп жатат.

«Ооганстандан 2017-жылы келгенбиз, бул жакта 2 жылдан бери билим алып жатам. Азыр окуп жаткан мектебимде бардык шарттар бар, тамак-ашын өкмөт төлөйт. Мектепте ар кандай ийримдер бар. Ошолордун ичинен мен футболду тандадым. Кийин чоң футболчу болсом деп кыялданам. Мектепте чет тилдери, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча ийримдер бар. Аларга дагы катышууга аракет кылып жатам. Кийин чоңойгондо Ооганстандын президенти болгум келет. Ал үчүн чет тилдерди билиш керек. Көбүнчө англис, орус тилин үйрөнүп, көп окуш керек», - дейт ал.

Анын айтымында, Ооганстанда акчанын күчү менен жетекчи болушат.

«Бизде дагы коррупция бар. Күчтүү, акчалуулар акчанын күчү менен жетекчи болуп кетишет. Кызматка келгенден кийин элдин акысын жегендер бар, бирок мен андай болгум келбейт. Элге жакшы кызмат кылсам дейм. Өз жеримди сатпай, элдин акысын жебей, өз жериме жакшы кызмат кылгым келет», - деди ал.

Фарсы тилинде сүйлөп жүргөн Забе аллага кыргыз тилин өздөштүрүү кыйла жеңил болгон. Азыр англис тилин жакшы өздөштүргөн, ал эми орус тилинен кыйналып жатканын белгиледи.

«Мектептен англис тилин жакшы өздөштүрүп калдым. Бирок орус тилин үйрөнүү оор болуп жатат. Ушул мектептен досторду таптым, азыркыга чейин «Памирден келди» деп сыйлашат. Досторум көп. Мугалим эжелер жакшы, сабакты түшүнбөй калганда кайра сурасам түшүндүрүп беришет. Жатаканасы таза», - деди ал.

Анын айтымында, Ооганстанга барган сайын алар кыргыз элин макташат.

«Үй-бүлөм Ооганстанда калды, мен бөлөлөрүм менен келгем. Башында көп киши келгенбиз, бирок кайра кетип калышты. Быйыл жайында 3 айлык каникулда Ооганстанга барып келдим. Ал жактан биздин туугандар, анан 7-8 үй-бүлө келебиз деп турушат. Биз Ооганстанга барган сайын кыргыз элин мактап жатабыз. Биз жакта балдар мурда 15 жаштан өткөндө эле үйлөнүп, кыздар турмушка чыгышчу. Азыр мыйзам чыгып, 18 жаштан өткөндөн кийин гана үй-бүлө күтүп калышты. Бул жакта эл көп болгондуктан тааныбаган адам менен учурашпайт. Памирде чакан эл бири-бирин тааныйт, дайыма учурашып турушат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×