Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 06.11.2019 20:37

Балыкчыда маданият кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти

Turmush -  Балыкчы шаарынын Э.Думанаев атындагы маданият үйүндө 5-ноябрда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага биринчи вице-мэр А.Табалдиев, шаардык кеңештин депутаты С.Аманкулов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Алгач жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты. Салтанатта шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин ардак грамоталары, ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн ардак грамоталары жана төш белгилери менен бир катар маданият кызматкерлери сыйланды.

Майрамдык кечеде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата Балыкчы шаардык мекеме-ишканаларда эмгектенген кызматкерлер арасында өткөрүлгөн сармерден сынагынын жыйынтыгы дагы чыгарылды. Анда 3-орунду Мамлекеттик чек ара кызматынын №2064 аскер бөлүгү жана муниципалдык ишканалардын айымдары, 2-орунду социалдык жана саламаттыкты сактоо тармагында иштеген айымдар, 1-орунду орто кесиптик окуу жайлардын кызматкер айымдары алышты. Ал эми баш байгени билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери багындырышты. Жеңүүчүлөргө ардак грамота жана башка сыйлыктар ыйгарылды.

Майрамдык кече концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×