Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Талас облусуТалас району 06.11.2019 11:09

«10000 долларга саткан жокмун»: Таластагы уста Т.Айылчиевдин майды аз жеген унаасына кызыккандар көп (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кум-Арык айылынын 63 жаштагы тургуну Төлөнбөй Айылчиев эски унааларды коллекциялап, тиричилик техникаларды оңдоп, устачылыкты аркалап келе жатат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аны көпчүлүк Анарбай деп таанышат. Төлөнбөй деген ысымы документте гана жазылган.

«Менин атайлап окуган кесибим жок. Мени кудай темир, жыгачтан буюм жасоо үчүн жаратып койгондой. 1993-жылдан бери устачылыктын арты менен тыйын таап келем. Жыгачтан ашканага керектүү буюмдардан бери, эмеректерге чейин кооздоп жасап берем. Кардар материалын алып келет. Мен андан буюм жасап берем. Өз алдымча жасап сатууга материал жок. Тиричилик техникаларын дагы оңдойм. Жашообузду техникасыз элестете албай калбадыкпы. Алар бир нече убакыттан кийин бузулуп калат. Аларды арзан оңдоп берем. Тиричилик техникаларды оңдогонду эч кимден үйрөнгөн жокмун. Тубаса өнөр деп билем. 50 сомдон 200 сомго чейин кызмат акы алам. Унаа дагы оңдойм. Мени «патриот, универсал адам» деп коюшат (күлүп). Станоктордун баарын акырындан топтоп, кээ бирин колго жасап алгам.

Эски унааларды коллекциялап чогултам. «ГАЗ 69», «Запорожец» деген унааларым бар. Аларды айдап жүрөм. Буларды орустардан сатып алгам. Азыркы кезде 10000 долларга сат деп келишет. Сатпайм, балдарыма калтырам. Кийин менин көзүм өтүп кетсе мени эстешет да. Бул унаалар бекем болот жана бензин дагы аз коройт. Мисалы «Хонда Фиттен» дагы аз май жейт. Күнүмдүк унаа катарында айдап жүрөм. Жакында Бишкекке дагы барып келдим. Кийинки жылы «ГАЗ 69» унаам менен Ысык-Көлдү кыдырып келем», - деди ал.

Төлөнбай-Анарбай уста 5 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×