Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.11.2019 09:52

Сүрөт — Жалал-Абадда 22 млн сомго оңдолгон көчө

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Түмөнбай Байзаков атындагы көчө оңдолуп, пайдаланууга берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, көчөнү кеңейтүү үчүн шаар казынасынан 27 млн сом бөлүнгөн. Курулушу аяктаган көчө менен шаар мэри Мураталы Тагаев баштаган жетекчилер, шаар тургундары таанышты.

«Көчөнү кеңейтүү иши ушул жылдын июнь айында башталып, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 27 млн сом каралган. Тендер жарыяланып, андан «Вавилон Маркет» ЖЧКсы 22 миллион 393 миң сом утуп алган.

Жаңырган жолдун узундугу 675, туурасы 16 метрди түзөт. Анда жөө жүргүнчүлөр үчүн да ыңгайлуу шарттар каралып, түнкү чырактар орнотулган. Мындан тышкары жол белгилер дагы коюлуп, калаа тургундарына колдонууга берилди», - деди мэр М.Тагаев.

Быйыл жергиликтүү бюджеттен көчөлөрдү асфальттоо, жамоо иштерине 25 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×