Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.11.2019 08:55

Сүрөт — Жалал-Абадда 3 млн сомго курулган жаңы гүл бакча

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жаңы гүл бакча пайдаланууга берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, шаардын СМУ кичи шаарчасындагы гүл бакчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 4 млн сом бөлүнгөн. Бул боюнча жарыяланган тендерден «Вавилон Маркет» ЖЧКсы 3 млн 156 миң сом утуп алып, ушул жылдын май айында курулуш иштерин баштаган.

«Буга чейин бул жерди чөп басып, шаардын көркүн бузуп турчу. Ал ортодо жерди ижарачылар алып, унаа жуучу жай, дүкөн кылып иштетип жүрүштү. Быйыл бул жерди гүл бакча кылууну пландап, узундугу 350, туурасы 24 метр болгон эс алуу жайын курдук. Отургучтар, таштанды салуучу үкөкчөлөр орнотулуп, 850 түп гүл отургузулду», - деди мэр М.Тагаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×