Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
05.11.2019 21:21

Баткенде 10 айда 203 жол кырсык катталып, 44 адамдын өмүрү кыйылды

Turmush -  2019-жылдын 10 айында Баткен облусунун аймагында 203 жол кырсык катталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мустапакул Назаров билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 40 фактыга көп. Быйылкы кырсыктардын кесепетинен 44 адам каза болуп, 368 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. 2018-жылы жалпысынан 163 жол кырсыгы катталып, 22 адам каза болуп, 272 адам жаракат алган.

Быйыл өспүрүмдөн арасында да жол кырсык көп катталды. Өткөн жылдын 10 айында облус аймагында өспүрүмдөр катышкан 49 кырсык катталган. Анын кесепетинен 2 бала каза болуп, 58 өспүрүм ар кандай жаракаттарды алган. Быйыл 10 айда 61 жол кырсык катталып, 6 өспүрүм мерт болуп, 72 бала жаракат алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×