Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 05.11.2019 16:07 На русском

«Түндө аңдып жатабыз»: Нарын шаарын аралап жүргөн 8 чөө атылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарын аралап кирип келген 8 чөө атылды. Бул тууралуу Нарын облусунун мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Адилет Черикчиев билдирди.

Анын айтымында, шаарга кирип келген 8 чөө ноябрь айынын башынан бери, тактап айтканда 5 күндө атылган.

«Ушул жылдын июль айында төрага катары кызматка кириштим. Ошондон бери жалпысынан 12 чөө атканбыз. Азыркы абал чынында оор, себеби чөөлөр шаарга чейин келип жатышат. Шаардын ичин аралап жатканы тынчсыздандырат. Элдин коопсуздугу деген бар, жолбун иттер дагы көбөйүп кетти. Ошого байланыштуу шаар тургундары чөөлөрдү ит деп ойлоп алышы мүмкүн.

Чөөлөрдүн саны көбөйүп, жаратылыштагы өзгөрүүлөр дагы таасир этип жатат. Эмне себептен мындай өзгөрүүлөр болуп жатканын билүү үчүн Улуттук илимдер академиясына да кайрылганбыз. Шаарга кирип келген чөөлөрдү түн ичинде атып жатабыз. Аларды имараттын үстүнө же бакка чыгып аңдып атып калдык. Ноябрдын башында 3 чөө атылса, кечээ, 4-ноябрда 5 чөө аттык. Алар кишилерге кол салган учур катталган эмес. Мындан тышкары Нарын шаарынын Ала-Мышык тоосунан дагы бир карышкыр атылды», - деди А.Черикчиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×