Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 05.11.2019 14:37 На русском

Кара-Буура районунун Камаш калктуу аймагына айыл макамы берилди

Село Камаш
Село Камаш

Turmush -  Кара-Буура районунун Камаш калктуу аймагына айыл макамы берилди. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага облус жетекчилиги, аксакалдар, жергиликтүү тургундар катышты. Камаш айылында учурда 600 адам жашайт. Дагы 120 адам жер тилке алды. Айылда социалдык 2 объект бар. Камаш айылы Бакыян айылына жакын жайгашкан.

Буга чейин 2019-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш Талас, Баткен, Ош, Нарын облустарындагы айрым калктуу конуштарга айыл макамын ыйгарган мыйзам кабыл алган. Ал мыйзамга август айында президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Айылдын аты мамлекеттик жана коомдук ишмер, КРнын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, полковник Камалбек Дардаңовдун ысымына байланыштуу коюлду. Аны кичинесинде айылдаштары Камаш деп аташчу.

К.Дардаңов 1948-жылдын 15-июнунда Талас облусунун Киров районуна караштуу Бакыян айылында туулган. 1966-жылы Бейшекен орто мектебин, 1971-жылы К.Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктаган. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн СССР жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак грамоталары менен сыйланган. 2014-жылдын 3-майында 66 жашында дүйнөдөн кайткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×