Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Талас облусу, Талас 05.11.2019 14:08

Мекендештер: А.Темирбекованын түрк жолдошу Кыргызстанга чейин келип, таң калып жатып алып кеткен (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарында чоңойгон 25 жаштагы Айпери Темирбекованын түрк жолдошу Укун Эгемен Таласка келип, кыргыздын салты менен колун сурап алып кеткен. Аймактык кабарчы алыстагы мекендештен кабар алды.

Анын айтымында, жолдошу менен 2013-жылы баш кошкон.

«2011-жылы окууну аяктаган соң Түркия мамлекетинде иштеп келүүнү чечтим. Ал жакка барып иштеп жүргөн кезде жолдошум менен таанышкам. Ал мага таанышууну биринчи сунуштап, чай ичүүгө чакырган. Ошентип таанышып, сүйлөшүп калдык. Кыз-жигит болуп жүрүү аябай кызык болду. Себеби кантсе да эки бөлөк улуттун өкүлдөрүбүз. Мен ага жакшы көргөн биздин улуттук тамактарыбызды жасап берип жүрдүм. Ал мага Түркиянын кооз-кооз жерлерин көрсөтүп жүрдү. Ошентип 1 жылдай сүйлөшүп жүрүп, баш кошо турган болдук. Баш кошууну менин жолдошум сунуштады. Анан мен биздин салт жөнүндө айтып бердим. Экөөбүздүн сүйүүбүз күчтүү болгондуктан жолдошум Кыргызстанга мени менен келип, ата-энем, бир туугандарым менен таанышып, биздин салтты кармап, кыз узатуу той менен алып кеткен. Үлпөт тоюбуз Түркияда өттү.

Биз кыз-жигит болгондон тарта үйлөнгөнгө чейин кызыктуу окуялар көп болду. Жолдошум Укун мени менен Кыргызстанга келгенде кооз жерлерибизди көрүп аябай таң калды. Туугандарым менен таанышканда кыргыз тилин билбегендиктен көп сөздөрдү мен түшүндүрүп берип жаттым. Кыз узатуу кечесинде ресторанда отурганда ырлар жана оюн-зооктор болгондо абдан таң калып карап жатты. Себеби түрк элдеринде баш кошуп жатканда мындай учурлар кездешпейт. Аларда жөн гана туугандар келип, нике катталганда бирден шампан ичип, торт жешет. Оюн-зооктор болбойт.

Мындан тышкары кыз узатуу кечесинде тамада жолдошума сөз бергенде мен жанында котормочу болуп туруп турдум. Дагы кызыктуусу биздин ак конвертке салынган кошумчабыз, сөйкө салуу жана кийит кийгизүүбүз жолдошума абдан таң калыштуу көрүндү. Анткени түрк элинде мындай салт жок экен.

Баш кошкон соң келиндик жашоом башталды. Бирок мен элестеткендей анчалык деле кыйын болгон жок. Биздикинен айырмаланып кайын эне жана кайын ата өзүнчө жашайт экен. Келиндик жумуштар болбойт. Үйдө тамак жасай турган, үй жыйнай турган адамдар бар. Мага анчалык деле оор болгон жок. Азыркы учурда Түркиянын университеттеринин биринде билим алып жатам. Ал эми жолдошум чакан ишканада иштейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×