Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 25.11.2019 22:25

Айыл турмушу: Экономист Г.Рысалиева өстүргөн гүлдөрүн бала бакчага берет

Turmush -  Ак-Суу районунун Тегизчил айылынын 60 жаштагы тургуну Гүлнур Рысалиева гүл өстүрүүдөн ырахат алат. Жан дүйнөсүн гүлгө арнаган айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал ардактуу эс алууга чыккандан кийин өзүн гүл өстүрүүгө арнаган.

«Кесибим боюнча экономистмин. Эсепчи болуп көп жыл иштедим. Иш бөлмөм дагы гүлгө толуп турчу. Үйүмдө дагы гүлдүн түрү өсөт, анын ар бирине өзгөчө көңүл бурам. Бош убактымда гүлдөрдүн жалбырагын тазалайм. Ар бир гүлгө жан дүйнөм менен берилип, мээрим төгөм. Ошондо гүл дагы жыпар жытын чачат», - дейт ал.

Анын айтымында, короосунда розанын 20 түрү өсөт.

«Жайында короомдо жана үйүмдүн ичинде гүлдүн жыты буркурап турат. Жакшы өскөн гүлдөрдөн айылдын бала бакчасына бердим. Ошондой эле, үйгө келген меймандарга дагы белекке берем», - деди Гүлнур Рысалиева.

Ал 5 баланын энеси, 13 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×