Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.11.2019 12:24 На русском

Айыл чарба министринин экс-орун басары Б.Байтемиров жол кырсыктан каза болду

Баялин Байтемиров
Баялин Байтемиров

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы жол кырсыктан айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин мурунку орун басары Баялин Байтемиров (1958-жылы туулган) каза болду. Маалыматты ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, жол кырсык 1-ноябрда саат 19:00 чамасында Балыкчы — Ананьев—Каракол унаа жолунун 79-чакырымында, тактап айтканда Комсомол жана Бостери айылдарынын ортосунда катталган.

«Хендай Соляри» үлгүсүндөгү унааны С.М. аттуу айдоочу башкарып бара жаткан. Жолдон кокустан жылкы чыга калып, айдоочу аны сүзүп кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен жүргүнчү болуп бара жаткан Б.Байтемиров жабыркап, ооруканага түшкөн. Кийинчерээк ал алган жаракаттын кесепетинен көз жумду.

Б.Байтемиров акыркы жылдары Сары-Камыш айылындагы «Шумкар» тоок фермасын жетектеп келген. Артында жубайы жана эки кызы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×