Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусуАраван району 04.11.2019 10:26

Аравандын Жаңы-Араван айылында үй, малдын тоюту өрттөндү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Араван районунун Жаңы-Араван айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Жалилов көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен үйдүн 40 чарчы метр чатыры, 520 боо жүгөрү паясы, 110 түк чөп күйгөн. Кырсык электр зымынын чыңалуусунан улам чыккан.

Ноокат районунун Тескей-Кожеке айылындагы короодо жыйылган 60 түк жана 3 тонна чөп күйүп кетти.

Алай районунун Кичи-Кароол айылындагы короодо 200 түк чөп өрттөндү. Бул кырсык жаш балдардын от менен болгон шоктугунан улам чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×