Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 02.11.2019 10:44

Кара-Балта шаарында айрым жолдордогу тосмолор алынды

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы жолдорго туура эмес коюлган тосмолор (лежачие полицейские) алынып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, алар мектептердин, бала бакчалардын, колледждин айланасында коюлган болчу. Айдоочулар тосмолор өтө бийик жасалгандыгын айтып даттанып келишкен. Шаардык кеңештин жыйынында Кожомбердиев көчөсүндөгү колледждин жанындагы тосмонун курулушу боюнча маселе каралган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлдөрү окуу жайлардын жанында андай тосмолордун курулушу мыйзамдуу экендигин билдирген. Бирок адистер мында нерселер атайын стандарттын негизинде эреже менен салынарын айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×