Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 01.11.2019 11:44

Жубайы башка бирөөнүн унаасына отуруп, кетип калган: Ачууга алдырган чоң муштум жана эсин жоготкон айдоочу

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Араван райондук сотунда Жазык кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде айыпталган Анарбектин (аты өзгөртүлдү, А.А.К.) кылмыш иши каралды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Анарбек Ноокат районунда туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Мурда соттолгон эмес. Учурда Ош шаарында жашайт.

Ал ушул жылдын 14-сентябрында саат 17:00 чамасында Араван районунун Ачы айылында С.Юсупов айыл өкмөтүнүн тургуну Мажидди (аты өзгөртүлдү, Б.М.) оозго алгыс уят сөздөр менен тилдеп, сабаган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна караганда, Мажид жеңил жаракат алган.

Сот отурумунда айыпталуучу Анарбек күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, окуя болгон күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Ош шаарында Мажиддин унаасына кондитердик товарларды жүктөгөнүн билдирди. Анын айтымында, башка товарларды алып жатканда Мажид унаасын айдап кетип калган. Анын унаасында Анарбектин жубайы дагы болгон. Анарбек Мажидге телефон чалып, кайсы жерде экенин сураган. Мажид Ош шаарындагы "Келечек" базары жакка кел деп айткан. Анарбек ал жакка барганда Мажидди тапкан эмес. Кайра телефон чалганда Мажид Араван районуна кетип бара жатканын билдирген. Ачуусу келген Анарбек такси жалдап, Мажиддин унаасын кууп барып токтотуп, ошол жерден аны бир жолу урган. Айыпталуучунун айтымында, Мажиддин унаасында ошол учурда жубайы жана бир кыз болгон. Ал кылган ишине өкүнүп, кечирим сурады.

Сот отурумунда жабырлануучу Мажид унаасы менен Ош—Араван каттамында таксист болуп иштей турганын билдирди. Ал Анарбекти 3-4 жылдан бери тааный турганын, буга чейин товарларын Араван районуна ташып жүргөнүн айтты. ү

Мажиддин айтымында, 14-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында Ош шаарындагы кампадан Анарбек анын унаасына кондитердик товарларды жүктөгөн. Ошол учурда Анарбектин жубайы жолдошу Араванга барбай турганын айтып, «Араванга кеттик» деген. Анарбек телефон чалганда, Мажид анын жубайы менен кетип бара жатканын айткан. Анарбек токтоп турууну суранып, бирок анын жубайы Мажидден кете берели деп суранган. Жолдон Мажид дагы бир жүргүнчүнү алган. Ачы айылына жетип калганда Анарбек такси менен аларды кууп жетип, Мажидди унаасынан алып чыгып уруп жиберген. Мажид Анарбектин жубайы менен болгон мамилесин билбей турганын, Анарбек урганда эсин жоготуп, ооруканада дарыланып чыкканын кошумчалады. Ошондой эле Анарбек менен элдешип, аны кечиргенин, тосмо арыз жазып бергенин билдирди.

Жыйынтыгында сот айыпталуучу менен жабырлануучу өз ара элдешип алганына байланыштуу Анарбекти кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, ишти өндүрүштөн кыскартты.

Өкүмгө нааразы тарап 10 күндүн ичинде Ош облустук сотуна апелляциялык негизде даттанууга укуктуу.

Соттун өкүмү ушул жылдын 31-октябрында чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×